Site icon Reporter.kg

Лицей директорлугуна ат салышкан талапкерлердин үчөө гана тесттен өттү

Башталгыч жана орто кесиптик мамлекеттик билим берүү уюмдарынын жетекчиси кызматына 138 талапкерлер тестирлөөдөн өттү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

Сынакка катышкандардын 24ү  кесиптик орто билим берүү жайларын  жетектөөгө, 114ү кесиптик лицейди башкарууга ат салышты.

Алар Кыргызстандын мыйзамдары, башкаруу менежменти, психология-педагогика жана өз адистиги боюнча суроолорго жооп беришти.

Тапшыргандардын 3,6 пайызы, 5 талапкер гана босого баллдан өтө алышты. Анын үчөө кесиптик лицейге, экөө  орто билим берүү жайга директор болот.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version