Site icon Reporter.kg

«KG Групп» компаниясынын ээси Имамидин Ташов үй камагына чыкты

УКМК тарабынан мыйзамсыз турак жай куруу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында 10 батир жана 52,4 млн сомдук 1 коммерциялык жай муниципалдык менчикке кайтарылып берилди. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, “Бишкек башкыархитектура” мекемесинин кызмат адамдары тарабынан белгиленген максатка ылайык келбегендигине карабастан, жер астындагы унаа токтоочу жайы бар 12 кабаттуу турак үйдү курууга архитектуралык-пландоо шарттарын жана инженердик-техникалык шарттарды  иштеп чыккандыгы аныкталган.

Ошол эле учурда “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин кызматкерлери тарабынан техникалык паспорт берүү жана тиешелүү документтерди тариздөө жол-жоболору жүргүзүлгөн. Мыйзамсыз аракеттердин натыйжасында “О” ЖЧКсы мыйзамсыз түрдө 280 орундуу бала бакчанын (Бишкек шаарынын мэриясынын 2009-жылдын 30-июлундагы №417 токтомуна ылайык) ордуна 2 көп кабаттуу үйлөрдү куруп, сатып жиберген.

Көрүлгөн комплекстүү чаралардын жыйынтыгында “О” курулуш компаниясынын ээси – Т.И.А.” мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толук толтурду, ошондуктан Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 2023-жылдын 8-декабрындагы чечиминин негизинде анын баш коргоо чарасы үй камагына өзгөртүлдү.

Учурда бул фактыларга тиешеси бар кызмат адамдарын аныктоо боюнча тергөө жана ыкчам издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

УКМК «KG Групп» компаниясынын ээси Имамидин Ташовду кармады

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version