Үч жаштагы кызын сатууга аракет жасаган аял кармалды

Үч жаштагы кызын сатууга аракет жасаган аял кармалды

Үч жаштагы кызын сатууга аракет жасаган Өзбекстандын Навои облусунун Үчкудук районунун тургуну кармалды.

Бул тууралуу Өзбекстан Башкы прокуратурасынын Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү департаменти кабарлады.

Шектүү кызын 60 миллион сумга (5700 доллар) сатууга ниеттенген жана белгиленген сумманы алып жаткан маалда кармалган.

Ага карата Кылмыш кодексинин “Адам соодалоо” беренеси боюнча иш козголду.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>