Үй бүлө күнү. Бүгүн Бишкекте Бакыт өргөөсүндө 15 түгөй каттоодон өттү

Үй бүлө күнү. Бүгүн Бишкекте Бакыт өргөөсүндө 15 түгөй каттоодон өттү

Кыргызстанда Үй-бүлө, тынчтык жана ынтымак күнү белгиленди. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын коомчулук менен байланыш бөлүмү билдирди.

Бул дата 2011-жылы Жогорку Кеңеш тарабынан негизделген.

«Мамлекеттик каттоо кызматы бул майрамга түздөн-түз байланыштуу, анткени каттоонун негизги иш-аракеттери: никеге туруу, төрөт жана башкалар жарандык абалдын актыларын жазуу органдарында жүргүзүлөт», — деп билдирди басма сөз кызматы.

2020-жылдын 1-январынан 23-сентябрына чейин Кыргызстанда 25 миң 664 нике катталды, анын ичинен 1 миң 194ү КМШ жарандары жана 39у алыскы чет өлкөлөрдүн жарандары менен.

2019-жылдын ушул  мезгилинде 33 миң 929 түгөй баш кошкон.

Бүгүн, 24-сентябрда, Бишкектеги Үй-бүлө күнүндө Бакыт өргөөсүндө 15 жубайлар каттоодон өтүштү.

Жыл башынан бери Кыргызстанда 113 миң 922 жаңы төрөлгөн ымыркай катталды.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>