Үмөталиева: Курсан Асановдун жубайы УКМКда эсин жоготту

Үмөталиева: Курсан Асановдун жубайы УКМКда эсин жоготту

Укук коргоочу Токтайым Үмөталиева Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылды. Ал кайрылууну «Фейсбугуна» жарыялаган.

Үмөталиеванын айтымында, 11-январда Ички иштер министринин экс-орун басары Курсан Асановдун жубайы Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке суракка чакырылып, бир сааттан ашык адвокатсыз сурак берип, натыйжада ал эсин жоготуп кулаган.

«Ошол учурда эсин жоготуп реанимацияга түшүп калган. Азыр да реанимацияда оор абалда экен.. Урматтуу Камчы Ташиев, шайлоодон бир күн өткөндөн кийин адамды суракка алса болобу? Миңдеген иш каралбай жатат, эмне үчүн УКМК административдик ишти карап жатат. Свердлов РИИБи, УКМК жана Прокуратура үч жылдан бери түрк компаниясы менен болгон алдамчылык ишин караган эмес. Парламенттик шайлоо учурундагы мыйзам бузуулар боюнча БШКнын башчысын эмнеге суракка албай жатасыңар ”деп жазат укук коргоочу.

Ал УКМКнын мындай аракеттерин президенттикке талапкерге кысым көрсөтүү катары баалап жатканын белгиледи.

Белгилей кетсек, УКМК Курсан Асановдун жубайын 5 миллион доллар алдамчылыкка шектеп жаткан.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>