Өкмөт өкүлү: Азыркы тапта аймакта ок аткан учурлар жок

Өкмөт өкүлү: Азыркы тапта аймакта ок аткан учурлар жок

Чек арадагы кырдаалды турукташтыруу аракети көрүлүүдө. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, өкмөт өкүлү Өмүрбек Суваналиев Тажикстандын Согди облусунун аткаруу бийлигинин төрагасы Раджоббой Ахмадзода менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.

“Эки тарап тең бир бирине  пикирлерин ачык айтып, кырдаалды турукташтыруу боюнча реалдуу кадамдарды жасап жатышат. Облус башчылары буга чейин макулдашкандай, биринчи кезекте ок атууларды толугу менен токтотууну жана кагылышуулардан жапа чеккен аймактардан өздөрүнүн аскердик күчтөрүн алып чыгып кетүүнүн аракетин көрүшүүдө”, — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле эки тараптан тең тосулган унаа жолдор ачылып, каттамды калыбына келтирүү сүйлөшүлгөн.

Билдирүугө таянсак, азыркы тапта аймакта ок аткан учурлар жок.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>