Өкмөт өкүлү: Тажикстанда кармалган жарандар кайтарыла элек

Өкмөт өкүлү: Тажикстанда кармалган жарандар кайтарыла элек

16-февралда Тажикстандын Согди облусундагы мал базарга барып кармалган кыргыз жарандары кайтарыла элек. Бул тууралуу “Репортёрго” Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

“Азыркы учурда Кыргызстан менен Тажикстандын чек аралаш аймактары, Лейлек жана Согди облусунун жергиликтүү бийлик органдары, күч түзүмдөрүнүн жетекчилери жолугушуп сүйлөшкөн. Эки тарап тең кармалган жарандарга оор чара колдонбостон, алмашуу жолу менен маселени чечүүнү макулдашкан. Ага ылайык азыркы учурда мыйзам чегинде тийиштүү иштер аткарылууда. Мунун жыйынтыгында жарандар кайтарылат деп күтүүдөбүз”, — деди Өкмөттүн облустагы өкүлүнүн басма сөз катчысы Чолпон Бердикулова.

Белгилей кетсек, 16-февралда Баткен районунун 3 тургуну, Кадамжай районунун 2 тургуну Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл аймагы аркылуу, Тажикстандын мал базарына барып, Тажикстандын Согди облусунун Кистакуз аймагынан кармалган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>