Өкмөт аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары үчүн жеке бала бакчалардын 50% төлөйт

Өкмөт аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары үчүн жеке бала бакчалардын 50% төлөйт

Өкмөт аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары үчүн мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин кызмат акысынын 50% төлөйт.

Белгилүү болгондой, бала бакчалардын жетишсиздиги маселеси өтө курч турат, айрыкча Бишкек жана Ош шаарларында. Бул маселени чечүү үчүн мамлекеттик социалдык буйрутма программасы ишке киргизилет. Ага ылайык мамлекет жеке бала бакчалардын кызмат акысынын жарымын жабууну пландаштырып жатат.

Мамлекеттик колдоону көп балалуу (беш жана андан ашык) жана социалдык аярлуу үй-бүлөлөргө, ошондой эле багуучусун жоготкон үй-бүлөлөр жана айлык акысы 10-12 миңден төмөн болгон мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер ала алышат. Ата-энелердин биринин I же II топтогу майыптыгы бар үй-бүлөлөр дагы өтүнмө калтыра алышат.

2019-жылдын аягына чейин Бишкек шаарында жеке бала бакчаларга 1000 баланы, Ош шаарында 500 баланы жайгаштыруу пландалууда. Бул үчүн жылына 48 млн сом талап кылынат. Социалдык буйрутманы каржылоо Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларынын, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин эсебинен ишке ашат.

Ата-энелер долбоорго катышкан өздөрүнө жаккан каалаган бала бакчасын тандап жана ал жакка багыттама-талон ала алышат. Андан соң баланын артынан төлөм жөнөтүлөт.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>