Өкмөт башчы Айзаданын өлүмү боюнча: Кызды ала качуу бул — салт эмес

Өкмөт башчы Айзаданын өлүмү боюнча: Кызды ала качуу бул — салт эмес

Кыздарды никеге мажбурлоо максатында ала качып кетүү кылмыш болуп саналат, андан кийин сөзсүз түрдө жазалоо керек. Бул тууралуу премьер-министр Улукбек Марипов социалдык тармактардагы баракчасына жазды.

Анын айтымында, бул адамга каршы иш-аракет жана буга эч кандай негиз жок.

Биринчиден, мен адам катары, эркек жана ата катары, Айзада кыздын башына түшкөн кайгылуу окуяны аябай оор кабыл алдым. Бул биздин жалпы кайгыбыз. Коом мындай учурларга жалпы чыдамсыздык сезимин өрчүтүшү керек. Маркумдун үй-бүлөсүнө көңүл айтам. Күнөөлүүлөрдүн бардыгы адилеттүү жана катаал жазага тартылышат. Биргелешип аракеттенүү менен гана биз аялдардын негизги укуктарын басмырлоого каршы тура алабыз, ала качуу салтка айланган эмес, бул кылмыш болуп саналат жана биз муну өлкөбүздүн ар бир адамына жеткиришибиз керек, — деп жазган ал.

  • 5-апрелде Бишкекте бир топ жигит күч колдонуп Айзаданы машинасына салып, белгисиз тарапка алып кетишкен.
  • 7-апрелде койчу Аламүдүн районундагы талаадан унаада эркек кишинин жана аялдын (Айзады) жансыз денесин тапкан.
  • Учурда адам уурдаган үч адамдын бири кармалды.
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>