Өкмөт башчы: Кафе, ресторандарда куран окутуп, мааракелерди өткөргөндөр үчүн жазаны күчөтүү керек

Өкмөт башчы: Кафе, ресторандарда куран окутуп, мааракелерди өткөргөндөр үчүн жазаны күчөтүү керек

Кафе, ресторандарда куран окутуп, ар кандай мааракелерди өткөргөндөр үчүн жазаны күчөтүү керек. Мындай тапшырманы премьер-министр Кубатбек Боронов бүгүн, 3-сентябрда Республикалык ыкчам штабдын жыйынында берди.

«Адистердин божомолу боюнча, коронавирус инфекциясынын экинчи толкуну 2020-жылдын ноябрь айында болушу мүмкүн. Калк эгер ден соолугуна көңүл кош караса, сентябрь айынын аягында эл массалык түрдө оорушу ыктымал. Бул коомдук транспортто санитардык-эпидемиологиялык талаптардын сакталбашы, кафе жана ресторандарда элдин көп баруусуна байланыштуу. Жарандар куран окутуп, ар кандай салтанаттарды өткөрүп жатышат. Кафе-ресторандардын кожоюндары 3000 сом айыппул төлөп коюп, келгендерди бейкапар эле кабыл алууда. Ресторан бизнеси жапа чегип жатканы түшүнүктүү, бирок биз COVID-19 менен калктын кайрадан массалык түрдө оорушуна жол бербешибиз керек», — деди Кубатбек Боронов.

Премьер-министр тийиштүү түзүмдөргө кафе-ресторандардагы иш-чаралардын өтүүсүн көзөмөлдөөнү, ошондой эле эл көп чогулган жерлерде, транспортто рейддерди өткөрүүнү күчөтүүнү тапшырды.

Өкмөт башчы ошондой эле бул багытта аймактарда  жүргүзүлүп жаткан иштер боюнча Республикалык ыкчам штабдын жыйында күнүгө маалымат берип туруунун зарылдыгын белгиледи.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>