Өкмөт башчы мугалимдердин айлыгын жана пенсияларды жогорулатуу боюнча тапшырма берди

Өкмөт башчы мугалимдердин айлыгын жана пенсияларды жогорулатуу боюнча тапшырма берди

Бүгүн, 31-июлда премьер-министр премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев мугалимдердин айлык акысын жана пенсия өлчөмүн жогорулатуу механизмдерин талкуулоо боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Өкмөт башчы белгилегендей, бул маселелерди сапаттуу иштеп чыгуу өзгөчө маанилүү болуп саналат.

«Мугалимдер өсүп келе жаткан муунду тарбиялоо жана өнүктүрүүдө кандай салым кошорун баарыбыз билебиз. Бүгүн биздин алдыбызда келе жаткан күздө мугалимдердин айлык акы өлчөмүн жогорулатуунун натыйжалуу механимздерин аныктоо милдети турат. Мамлекет бул үчүн зарыл болгон финансы ресурстарын табууга тийиш. Пенсиялардын өлчөмүн көтөрүү дагы өзгөчө маанилүү маселе болуп саналат. Бул өкмөттүн жоопкерчилиги. Биз пенсиядагы жарандарыбыз үчүн тийиштүү жашоо деңгээлин камсыз кылышыбыз керек. Пенсия өлчөмү ушул күздө жогорулайт, бул маселе боюнча тиешелүү мамлекеттик түзүмдөр туруктуу негизде иштеп жатышат», — деди Абылгазиев.

Мындан тышкары Абылгазиев мугалимдердин айлык акысын жана пенсияларды жогорулатуу механизмдерин тыкыр иштеп чыгууну тапшырды.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>