Өкмөт башчы: ооруп жаткан жарандар өз убагында медициналык кызматтарга кайрылгыла

Өкмөт башчы: ооруп жаткан жарандар өз убагында медициналык кызматтарга кайрылгыла

Өкмөт башчы Кубатбек Боронов ооруп жаткан жарандарды өз убагында медициналык кызматтарга кайрылууга чакырды.

Анын айтымында, кайсы гана мамлекет болбосун, оорунун күчөгөн мезгилинде дары-дармектер боюнча маселе жаралган: — дары-дармектердин тартыштыгы;

— баанын спекулятивдик көтөрүлүшү;

— элдин ичинде дарылардын кереги бар же жоктугуна карабастан ашыкча сатып алуулары.

“Бул бизде гана болгон жок, башка өлкөлөрдө дагы  байкалды. Муну айтканымдын себеби, азыркы эпид кырдаалда ушул нерсени кайталанышына жол бербешибиз керек. Ошондуктан, урматтуу мекендештер, сиздерден суранарыбыз – июль айындагы дүрбөлөңгө алдырбоону суранабыз! Бүгүнкү күндө ар бир фарм компанияларга дары-дармектерди үзгүлтүксүз алып келип туруусу боюнча жана кийинки алынып келе турган мүмкүнчүлүктөрү боюнча убагында маалыматтар алынып жатат. Мамлекеттик материалдык резервдер фондуда 65 аталыштагы дары-дармектин запасы даярдалып баштады”, — деп белгиледи Боронов.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>