Өкмөт Самат Курманкуловдун дарылануусуна 1 млн сомдон ашык акча бөлөт

Өкмөт Самат Курманкуловдун дарылануусуна 1 млн сомдон ашык акча бөлөт

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо маалында башынан жаракат алган Чүй облустук милициясынын башчысы Самат Курманкуловдун дарылануусуна өкмөт 1 млн 298,5 сом бөлөт.

Өкмөттүк аппараттын маалымат кызматы кабарлагандай, тийиштүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 2-октябрда кол койгон.

Аталган акча Саламаттык сактоо министрлигинин 2019-жылга карата бекитилген бюджеттин эсебинен бөлүнөт.

Белгилей кетсек, 7-август күнү кечинде мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы учурунда Самат Курманкуловдун башынана таш тийген.

Кыргызстанда анын башына эки жолу операция жасалып,  абалы өзгөрбөгөн соң Москвадагы Бурденко атындагы борборго жиберилген.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>