Өкмөттүн Баткендеги өкүлү Алишер Абдрахманов кызматтан кетти

Өкмөттүн Баткендеги өкүлү Алишер Абдрахманов кызматтан кетти

Баткен облусунун губернатору Алишер Абдрахманов да өз арызынын негизинде кызматтан кеткени белгилүү болду. Ушуну менен өлкөдө төрт облустагы өкмөттүн өкүлдөрү иштен алынды. Алардын мындай кадамга баруусуна республикадагы коомдук-саясий абал себеп болууда.

4-октябрдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы партиялардын тарапташтарынын митинги жер-жерлерде да массалык башаламандык менен коштолуп жатат.
Соңку маалыматтарга ылайык, Таласта 200дөй, Жалал-Абадда 400гө чукул, Нарын облусунда 500гө жакын, Ошто 1000ден ашык, ал эми Баткенде 50дөй киши борбордук аянттарда топтолуп турушат.

Тэги: Баткен

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>