Өкмөттүн жыйнында Кашкар Жунушалиев сүрөт тартып отурат

Өкмөттүн жыйнында Кашкар Жунушалиев сүрөт тартып отурат

Бүгүн, 28-августта Мухаммедкалый Абылгазиевдин төрагалыгы алдында өтүп жаткан Өкмөттүн жыйынында Ички иштер министри Кашкар Жунушалиевдин кагазга калем менен сүрөт тартып жаткан сүрөтү интернетке жарыяланды.

Сүрөттү Бектур Стамкулов тартып алып, интернетке чыгарып жиберген. Көп өтпөй эле ал күндүн сүрөтүнө айланып, интернет колдонуучуларынын талкуусуна түшкөн.

Азырынча Кашкар Жунушалиев менен байланышып, тарткан сүрөтүндөгү торчолор эмнени түшүндүрөрүн билүүгө мүмкүндүк болбой жатат.

Сүрөт: Бектур Стамкулов
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>