Өлүм коштогон ала качуу: Айзада бүгүн Балыкчыда жерге берилет

Өлүм коштогон ала качуу: Айзада бүгүн Балыкчыда жерге берилет

Айзада Канатбекова бүгүн, 8-апрелде Балыкчыда жерге берилет. Бул тууралуу “Репортерго” маркумдун жакындары кабарлашты.

Ага ылайык, Айзаданын сөөгүн азыр Балыкчыга алып бара жатышат.

Жеткирилгенден кийин бүгүн эле жерге берилүүсү күтүлүүдө.

Белгилей кетсек, алгач интернетке кызды ала качып кеткен тасма жарыяланган. Бир нече күндөн кийин кыздын жана аны ала качкан адамдын жансыз денеси автоунаадан табылган.

Алдын ала маалыматтар боюнча ала качкан адам, кызды муунтуп өлтүрүп кийин өз жанын кыйган.

Милициянын маалыматы боюнча кызды уурдап барып өлтүрүп, кийин өз жанын кыйган адам Орусияда каракчылык үчүн 6 жыл абакка кесилип жаза мөөнөтүн өтөп келген.

Бул окуяга байланыштуу «милиция жоопкерчиликсиз мамиле кылган» деген топ адамдар ички иштер министри иштен кетүүсүн талап кылып митингге чыгышты.

Ал эми президент бул окуяны жеке көзөмөлүнө алганын билдирди.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>