Өлүм коштогон ала качуу: Премьер-министр митингге чыккандар менен жолукту

Өлүм коштогон ала качуу: Премьер-министр митингге чыккандар менен жолукту

Уурдалып барып өлтүрүлгөн 27 жаштагы Айзада Канатбекованын ишин милиция начар караган, буга байланыштуу ички иштер министринин отставкасын талап кылгандар өкмөт үйүнүн алдына барышты.

Бир нече убакыттан кийин аларга өкмөт башчы Улукбек Марипов чыгып жолукту. Бирок жаалданган митингчилер аны укпай министрди иштен кетирүүнү талап кылышты.

“Бул окуя боюнча толук маалыматым бар. Окуя орун алгандан бери эле көзөмөлүбүздө турган, урматтуу президенттибиздин да көзөмөлүндө. Мен дагы абдан кайгырып турам. Бул боюнча толук чаралар көрүлөт кызматтык иликтөөлөр жүрүп жатат”, — деди өкмөт башчы.

Ички иштер министри кетсин” деген кыйкырыктарга териштирүү жүрүп жатканын айтып жооп берди.

“Бул маселени президент да карап атат, териштирүү жүрүп жатат, убакыт бергиле”, — деди Марипов.

Белгилей кетсек, алгач интернетке кызды ала качып кетип жатышкан тасманы жарыялашкан. Бир нече күндөн кийин кыздын жана аны ала качкан адамдын жансыз денеси автоунаадан табылган.

Алдын ала маалыматтар боюнча ала качкан адам, кызды муунтуп өлтүрүп кийин өз жанын кыйган.

Милициянын маалыматы боюнча кызды уурдап барып өлтүрүп, кийин өз жанын кыйган адам Орусияда каракчылык үчүн 6 жыл абакка кесилип жаза мөөнөтүн өтөп келген.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>