Өлкө аймагында бир апта абанын температурасы ченемден ашык ысыйт

Өлкө аймагында бир апта абанын температурасы ченемден ашык ысыйт

26-29-июль жана 1-3-август күндөрү өлкө аймагында абанын күндүзгү температурасы Чүй өрөөнүндө 37-39°ка чейин жогорулашы, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө 39-41°ка чейин жогорулашы күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМден маалымдашты.

Бүгүн батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши ыктымал.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кургак жана ченемден тышкары ысык аба ырайы учурунда организмди күйгүзүп алуудан жана ысык өткөрүп алуудан сактануу үчүн, күндүз күн ачык жерлерлерде көпкө жүрбөөгө, ошондой эле айыл чарба өсүмдүктөрүн кеңири сугарууну сунуш кылат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>