Өмүрбек Бабанов бүгүн УКМКга сурак бергени барат

Өмүрбек Бабанов бүгүн УКМКга сурак бергени барат

Бүгүн, 20-август саат 15. 00дө экс-депутат Өмүрбек Бабанов Улуттук коопсуздук комитетине сурак бергени барат. Ал кечээ, 19-августта Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматка (Финпол) «Кыргызстан» коммерциялык банкы тууралуу сурак берип чыккан.

Ал мыйзамдын чегинде сурак берүүгө бара турганын кошумчалады. Ошондой эле күнөөсү жок экенин далилдей ала турганын да белгиледи.

9-августта Бабанов Кыргызстанга кайтып келген. Аны тарапташтары Бишкектеги «Манас2» аэропортунан тосуп алышкан. Анда Бабанов тарапташтары менен жолугуп жатып, мыйзамдын негизинде бардык нерсеге жооп бере турганын айткан.

Өмүрбек Бабанов өлкөгө кайтарын жарыялаганда УКМК “Бабанов келсе мыйзам чегинде жоопко тартылат” деп билдирүү тараткан.

Эске салсак, Өмүрбек Бабанов 2017-жылы өткөн президенттик шайлоого катышып, экинчи орунду алган. Андан кийин өлкөдөн чыгып кеткен.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>