Өмүрбек Бабанов: Эч кимден, эч жакка качпайм. Кыргызстаныма кайтып келем

Өмүрбек Бабанов: Эч кимден, эч жакка качпайм. Кыргызстаныма кайтып келем

“Республика” партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов бүгүн эртең менен Москвага учуп кеткен. Маалыматты Репортер агенттигине өздүк булакатар кабарлаган.

Бабанов Кыргызстандан чыгып кеткени тууралуу Фейсбуктагы баракчасына төмөндөгүдөй билдирүү жазды.

«Массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнүн менин персонама болгон кызыгуусуна ыраазычылык билдирем. Мен өз иштерим менен алекмин, алар ички да, эларалык да каттамдарга чыгууну талап кылат. Эч жакка, эч кимден качкан эмесмин, качкан жокмун. Сиздер билгендей, күбө катары тергөө органдарына өз убагында барып турам, ушул убакыттын ичинде аларга бардыгын түшүндүрүп, актыгымды далилдей алдым деп ишенем. Ал эми менин кыймылыма чектөө жок. Андыктан өз иштерим менен тышка учуп чыккам, анан албетте өз мекеним Кыргызстаныма келем!», — деп жазган Бабанов.

Аны менен кошо Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Жээнчороев да кеткен.

9-августта Бишкекке кайтып келген Өмүрбек Бабанов жалпысынан 8 иш боюнча суралып жаткан.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>