Өрт «Аю-Гранд» соода борборунун чатырынан чыккан

Өрт «Аю-Гранд» соода борборунун чатырынан чыккан

«Аю-Гранд» соода борборунун чатырынан чыккан өрт саат 13:46да чектөөгө алынды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ч.Валиханов көчөсүндө жайгашкан «Аю-Гранд» соода борборунун аймагында өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Өрттү өчүрүүгө саат 13:18де Биринчи Май райондук №8 АӨКБдан 1 бөлүм тартылган.

Учурда өрттү толук өчүрүү иштери жүрүп жатат. Кошумча маалымат берилет.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>