Өткөн жылы ТикТок 7 млрд $ тапкан

Өткөн жылы ТикТок 7 млрд $ тапкан

ТикТок мобилдик тиркемеси өткөн жылы 7 млрд долларга жакын киреше тапкан. Бул тууралуу Bloomberg басылмасы билдирди.

Басылмадан белгилешкендей, чектөөлөргө карабастан, компания кирешесин эки эсеге көбөйтө алган, 2019-жылы кирешенин көлөмү 4 млрд долларды түзгөн. Ал эми ByteDance компаниясы отчеттук мезгил убагында 35 млрд доллар тапкан.

Эксперттер ТикТоктун кирешесин Nike жана Coca-Cola сыяктуу ири компаниялардын кирешеси менен салыштырууда. ByteDance жалпы баасы 180 млрд долларга бааланган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>