Өзбекстан менен чектешкен  “Кайтпас” жана ”Өтүкчү” өткөрүү жайлары ачылды

Өзбекстан менен чектешкен  “Кайтпас” жана ”Өтүкчү” өткөрүү жайлары ачылды

Баткен облусунун Өзбекстан менен чек арада жайгашкан “Кайтпас” жана  ”Өтүкчү” өткөрүү жайларынын иши жанданды. Бул тууралуу Өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, өткөрүү жайларынын ачылышы салтанаттуу түрдө белгиленип, ага  Өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Суваналиев жана  Өзбекстандын Фергана облусунун башчысы Хайрулло Бозаров баштаган эки тараптын  жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, жергиликтүү тургундар катышты.

Ал эми бүгүндөн тарта эки өлкө жарандары “Кайтпас” жана ”Өтүкчү” чек ара көзөмөлдөп өткөрүү жайларынан тоскоолдуксуз, эки өлкөнүн аймагына өтө алышат. Тагыраагы жүргүнчү ташуучу унаалардын каттоосуна жол ачылды.

Буга чейин пандемияга байланыштуу Өзбекстан менен чек арада  бир гана “Кадамжай” чек ара көзөмөлдөп өткөрүү жайы иштеп жаткан.

Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын 11-12-мартында Кыргызстан менен Өзбекстандын өлкө башчылары Ташкент шаарында жолугуп, аталган чек ара көзөмөл өткөрүү жайларын ачууну макулдашкан.

Ал эми Баткен-Фергана облусунун башчылары кызматташуу жаатында бирдиктүү жол картасына кол коюшкан.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>