Өзбекстан Орусиядан автоунаа сатып алуу боюнча тизменин сап башында турат

Өзбекстан Орусиядан автоунаа сатып алуу боюнча тизменин сап башында турат

Өзбекстан Евразиялык экономикалык биримдикке (ЕАЭБ) кирбеген мамлекеттердин арасында Орусиядан эң көп автоунаа сатып алган өлкө болуп калды.

«Автостат» аналитикалык агенттигинин маалыматына караганда, 2019-жылдын биринчи жарымында Өзбекстан Орусиядан 4300 автоунаа импорттогон. Бул көрсөткүч боюнча экинчи орунду Чехия (4000 унаа), үчүнчү орунду Латвия (3000 унаа) ээледи.

Бул аралыкта орус автоунааларынын Өзбекстанга импорту 32 пайызга көбөйгөн.

«Узавтосаноат» холдинг компаниясы быйыл жыл аягына чейин Орусиядан автоунааларды жана тетиктерди сатып алуу көлөмүн 118 миллион долларга жеткирүүгө ниеттенип жатат. 2018-жылы бул көрсөткүч 25,5 миллион долларды түзгөн.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>