Өзбекстанда 50 жаштагы аял келини менен 2 жаштагы небересин өлтүрүүгө шектелүүдө

Өзбекстанда 50 жаштагы аял келини менен 2 жаштагы небересин өлтүрүүгө шектелүүдө

Кашкадарыя облусунун Гузар районунун жашоочусу 26 жаштагы келинин жана эки жаштагы небересин өлтүрүү шеги менен кармалды. Аларга бир нече жолу бычак сайылган. Маркумдардын төшөккө оролгон сөөгү 2-августта табылды, шектүү ошол эле күнү кармалды.

Киши өлтүрүүгө үйдөгү жаңжал себеп болгон. Маркумдун туугандарынын айтымында, келин менен кайнененин пикири келишкен эмес.

Каргаша болгон күнү шектүү айыл башчыга кайрылып, келини менен небереси өлүп калганын билдирген. Тергөө учурунда ал киши өлтүргөнүн мойнуна алган.

Гузар райондук прокуратура кызматкери бул кабарды тастыктады, бирок кеңири маалымат берген жок.

Келини менен небересин өлтүрүүгө айыпталган аял райондук милиция бөлүмүнүн тергөө абагына жеткирилди.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>