Өзбекстандык акын өлкөгө «тыюу салынган китеп» алып келгени үчүн соттолду

Өзбекстандык акын өлкөгө «тыюу салынган китеп» алып келгени үчүн соттолду

Өзбекстандын Хорезм облустук соту акын жана журналист Махмуд Ражабды 27 айга шарттуу кести. Ал «коомдук тартипти бузууга» жана «аткезчилик менен алектенүүгө» күнөөлүү деп табылды.

Соттун өкүмүнө ылайык, бул аралыкта Ражаб Өзбекстандын аймагынан чыга албайт. Мындан тышкары ал жаңы кылмыш ишинин же административдик иштин фигуранты болсо, шарттуу мөөнөтү абактагы мөөнөткө алмаштырылышы мүмкүн.

Махмуд Ражабга быйыл жазында Түркиядан өзбекстандык оппозициячыл саясатчы Мухаммед Салихтин китептерин алып келгени үчүн кылмыш иши козголгон.

Жергиликтүү милиция 21-сентябрда журналистти үйүнөн кармап кеткенге аракет кылган. Бирок Ражабдын кошуналары менен туугандары каршылык көрсөтүп, аны карматпай коюшкан.

Андан соң Ражаб тарапташтары менен бирге Хорезмден Ташкентке жөө жөнөгөн. Бирок Хорезм облустук милициясы «митинг жана тынч жыйындар тууралуу мыйзамды бузду» деген кине менен акциянын 20дай өкүлүн кармап кеткен. Алардын көбү административдик жоопкерчиликке тартылган. Жүрүштү чагылдырган 32 жаштагы мугалим Нафосат Оллашүкүрова алгач 10 күнгө камалып, андан соң психоневрологиялык диспансерге мажбурланып жаткырылган.

Журналисттерди коргоо комитети расмий Ташкентти блоггерди токтоосуз бошотууга чакырган. Бирок ал ушул күнгө чейин ооруканада.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>