УКМКнын Оштогу башчысы жаңы кызматка дайындалды

УКМКнын Оштогу башчысы жаңы кызматка дайындалды

Акылбек Мазарипов өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Премьер-министр Улукбек Мариповдун өзгөчө кырдаалдар министринин орун басарын дайындоо жөнүндөгү № 425 буйругуна кол коюлган.

Буйрукка ылайык өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары болуп Акылбек Мазарипов Абдувалиевич дайындалды.

Белгилей кетсек, министрдин орун басары 1968-жылы Ош облусунун Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылында туулган.

  • 1994-жылы Казахстан Керек-жарак кооперациясы интитутун бүтүргөн.
  • 1990-94- жылдарга чейин Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясында башкы бухгалтери болгон.
  • 1996-2021- жылдары Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматын аркалаган
  • Акыркы кызмат орду Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин башкы башкармалыгынын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башчысы болуп эмгектенген.
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>