Өзгөндүн төрт айылынан мал уурдаганга шектүүлөр Бишкектен кармалды

Өзгөндүн төрт айылынан мал уурдаганга шектүүлөр Бишкектен кармалды

Өзгөн районунда мал уурулук менен алектенип жүргөнгө шектүүлөр борбор калаада кармалышты. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын күз айларында  Салам-Алик,  Он беш-Жаш, Ана-Кызыл жана Бостон айылынын тургундарынын койлору жана малдарын белгисиз атуулдар  жашыруун түрдө уурдап кетишкен.

Атайын тапшырманын негизинде жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын алкагында кылмыштарга шектүүлөр Бишкек шаарында издерин жашырып жүрүшкөн жеринен кармалган.

Шектүү катары кармалган Өзгөн районунун Он беш-Жаш айылынын тургундары 20 жаштагы А.у.А., 22 жаштагы К.у.Б., Куршаб айылынын тургуну 22 жаштагы К.у.Б. , Өзгөн районунун 22 жаштагы тургуну Э.Б.М. 13-февралда Өзгөн РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Келтирилген чыгым 342,000 сомду түзүп, 23 баш кой, 3 баш кара мал уурдалган. Бүгүнкү күндө аталган шектүүлөрдүн андан башка дагы мал уурулук боюнча 10 фактыга шектелип жатканы айтылат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>