Өзгөндө мыкаачылык менен өлтүрүлгөн аялдын үйүнөн 200 миң сомдон ашык акча табылды

Өзгөндө  мыкаачылык менен өлтүрүлгөн аялдын үйүнөн 200 миң сомдон ашык акча табылды

Өзгөн районунун Мырза-Аке айылында мыкаачылык менен өлтүрүлгөн 71 жаштагы аялдын үйүнөн 200 миң сомдон ашык акча табылды. Бул тууралуу Ош облустук милициясынын басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаев билдирди.

Маалымат катчынын айтымында, учрда кылмыштын бетин ачуу үчүн тажрыйбалуу адистер атайын ыкчам-тергөө тобун түзүп, иликтөө иштерин жүргүзүшүүдө.

Белгилей кетсек, Мырза-Аке айылынын Н.Ч. аттуу тургуну 7-сентябрь күнү өз үйүндө мыкаачылык менен өлтүрүлгөн. Кылмышкерлер маркумдун далысына учтуу буюм менен 9 жолу сайып өлтүрүп, андан соң үйүн өрттөп кетишкен.

Айрым маалыматтарга караганда киши колду болуп өлгөн аял сыныкчы болгон.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>