1036 айдоочуга унаа салыгын төлөбөгөнү үчүн айып пул салынды

1036 айдоочуга унаа салыгын төлөбөгөнү үчүн айып пул салынды

Мамлекеттик салык кызматы унаа салыгын төлөбөгөн 1036 унаанын ээсине  айып пул салды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, 10 күндүк рейддин жыйынтыгында жалпы 11 миң 670 унаа токтотулган. Анын ичинен 50 айдоочу жеринде салык төлөшкөн. Ал эми 3 миң 355 айдоочуга салык төлөө фактысын ырастаган атайын чаптама берилген.

Эскерте кетсек, быйылкы жылы унаа салыгын төлөө мөөнөтү 2-сентябрда аяктаган.

Мыйзамга ылайык убагында салык төлөбөгөн унаа ээлери негизги салыктын суммасынан тышкары (жеке жактар 1 000 сом, юридикалык жактар 5 000 сом өлчөмүндө) административдик айыпты жана ар бир өткөн күнгө туумду кошуп төлөйт.

Мамлекеттик салык кызматы 3-сентябрдан тартып Жол коопсуздугун кызматкерлери менен биргеликте транспорт салыгын төлөбөгөндөрдү аныктоо боюнча рейддик иш-чараларды жүргүзүүдө.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>