Президент «сбой» боюнча үн катты

Президент «сбой» боюнча үн катты

Президент Садыр Жапаров Борбордук шайлоо комиссиясынын сайтынын бир топко токтоп калышы боюнча Фейсбуктагы баракчасына үн катты.

«Урматтуу кыргызстандыктар!
Борбордук шайлоо комиссиясынын серверинде «сбой» болду, добуштарды уурдады деп ызы чуу салып жаткан партияларга айтаарым: бюллетендерди кол менен санап чыгууга силерге эч ким тоскоол болбойт. Кол менен санап чыккыла. Толук санап чыгып, ар бир нааразы болгон партиялар ынанмайынча бюллетендер эч жака жылбаш керек. Эгер чындап эле БШК жасалма кылган болсо, БШКнын баардык мүчөлөрү жоопко тартылышат. Керт баштары менен жооп беришет. Бийлик тараптан шайлоо процессине кийлигишпегендей эле БШКнын ишине дагы эч ким кийлигишкен жок. Эгер ким кийлигишкен болсо БШКнын мүчөлөрү ачык айткыла. Адамдан коркпогула. Кудайдан корккула»- деди өлкө башчы.

Буга байланыштуу бир катар партиялар шайлоонун жыйынтыгын тааныбай турганын билдирип чыгышты.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>