“Мадина” кафесинин ээси делген ишкердин өлүмүнө шектүү 7 кишинин сүрөтү жарыяланды — фото

“Мадина” кафесинин ээси делген ишкердин өлүмүнө шектүү 7 кишинин сүрөтү жарыяланды —  фото

4-октябрдан бери дайынсыз болуп изделип жаткан ишкер Хуфур Абдурахемандын жансыз денеси Нарындын Кочкор районунан табылып, анын өлүмүнө  шектелип 7 адам колго түштү.

Алдын ала маалыматка караганда, милиция ишкерди өлтүрүүгө шектүү катары 7 адамды кармаган. Алар ишкердин сөөгү Кочкор районуна көмүлгөнүн, анын унаасы кара түскө боёлгонун айтышкан. Учурда милиция кылмыштын чоо-жайын тактап жатат.

Белгилей кетсек, 38 жаштагы Хуфур Абдурахеман 4-октябь күнү саат 18:00 чамасында  “BMW X5” унаасы менен Бишкектеги “Мадина” базарынан үйүнө кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткан. Ишкерин  туугандарынын арыз менен бул факт Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, милиция ишкерди издөө иштерин жүргүзүп жаткан.

Хуфур Абдурахеман Бишкектеги Мадина базарындагы  “Мадина” кафесинин ээси экени маалым.

  

  

  

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>