13 жаштагы зордукталган кыздын ата-энеси кылмыш ишин токтотууну чечти

13 жаштагы зордукталган кыздын ата-энеси кылмыш ишин токтотууну чечти

Кантта 13 жаштагы кызды 14 жаштагы өспүрүм бала зордуктагандыгы боюнча кыздын ата-энеси тосмо арыз жазып берди. Бул тууралуу укук коргоо органынан маалымдашты.

Тосмо арызда кыздын ата-энеси 14 жаштагы балага эч кандай дообуз жок жазган.

Эскерте кетсек, окуя ушул жылдын 27-майында болгон. Анда жабырлануучу экзамен тапшыргандан кийин классташтары менен паркка барышкан. Бир убакта кыздын жанына анын классташ баласы келип, бирге сейилдеп келүүнү сунуштаган. Бала чет жерге алып барып кызды зордуктап койгон. Андан соң кызга үйүнө барып, кийимин алмаштырууну жана окуя тууралуу эч кимге ооз ачпоону сунуштаган. Кыз үйүнө келип болгон окуяны эжесине айткан. Гинекологдор зордуктоо болгонун аныкташкан, ошол эле учурда милицияга арыз жазылган.

Аталган факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине «Зордуктоо» беренеси боюнча каттоого алынган. Ал учурда зордуктоого шектелген кыздын классташы ата-энесине кат жазып үйдөн качып кетип, бир нече убакыттан кийин табылган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>