14 жашар баланын өлүмүнө апасы шектелип кармалды

14 жашар баланын өлүмүнө апасы шектелип кармалды

Чүй облусунун Жайыл районунда 14 жашар баласынын өлүмүнө шектелип энеси кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 1-март күнү саат 20:25 чамасында Жайыл РИИБине «Тез жардам» кызматкерлери тарабынан Ново-Николаевка айылындагы үйлөрдүн биринен 14 жаштагы баланын жансыз денеси, киши колдуу болуп табылгандыгы боюнча маалымат келип түшкөн.

Окуя болгон жерге барган милиция кызматкерлери 14 жаштагы баланын мойнуна бычак сайылып, ал ошол жерден көз жумганын аныктаган.

Аталган факты 130-берене «адам өлтүрүү» менен сотко чейинки өндүрүшкө алынып, ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда шектүү катары баланын энеси кармалган. Ал 36 жаштагы Т.В. аттуу аял.

“Учурда окуянын бардык жагдайлары иликтенип жатат. Сотко чейинки тергөө иштери уланууда», — деп жазылат маалыматта.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>