18-апрель: Коронавирус 244 адамдан аныкталып, 3 киши каза болду

18-апрель: Коронавирус 244 адамдан аныкталып, 3 киши каза болду

Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 инфекциясынын жаңы 244 учуру катталды. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдан билдирди.

Маалыматка ылайык, соңку суткада 3616 ПЧР изилдөөлөр жүргүзүлүп, Бишкек шаарында жана Чүй облусунда оору көп аныкталды. Ошондой эле инфекция 4 медицина кызматкеринен табылган.

Алар:

Бишкек шаарында – 158;
Ош шаарында – 2;
Чүй облусунда – 54;
Ош облусунда – 5;
Талас облусунда – 5;
Нарын облусунда – 0;
Ысык-Көл облусунда – 16;
Жалал-Абад облусунда – 2;
Баткен облусунда – 2.

Ал эми COVID-19 жана пневмониядан бир суткада 134 бейтап сакайды. Илдеттен Бишкекте 2, Ысык-Көл облусунда 1 киши каза болду.

Белгилей кетсек, пандемия башталгандан бери COVID-19 91 миң 883 адамдан аныкталды. Анын ичинен 86 миң 907 бейтап айыгып, 1 миң 549 киши каза болду.

Рубрики: COVID-19 , ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>