2-октябрда өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жамгыр жаайт

2-октябрда өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жамгыр жаайт

Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, эртең 2-октябрда  өлкөнүн көпчүлүк аймактарында мезгил-мезгили менен жаан жаап, тоолуу райондорго кар түшөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9  метрге жетет.  Ысык-Көл, Талас, Нарын дубандарынын дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -3 градуска чейин үшүк жүрөт.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 4…9, күндүз 13…18,

Таласта түнкүсүн 1…6, күндүз 11…16,

Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында түнкүсүн 7…12, күндүз 15…20,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 13…18,

Нарында түнкүсүн 1…6, күндүз 11…16,

Бишкекте эртең күндүз жаан чачын болбойт, түнкүсүн  жамгыр жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн 7…9°, күндүз 16…18° градус жылуу болот.. Секундасына 4-9 метрге жеткен шамал жүрүп турат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>