22-апрель: Коронавирус 380 адамдан аныкталып, 5 киши каза болду

22-апрель: Коронавирус 380 адамдан аныкталып, 5 киши каза болду

Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 инфекциясынын жаңы 380 учуру катталды. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдан билдирди.

Маалыматка ылайык, соңку суткада 4829 кишиден ПЧР тест алынган.

Алар:

Бишкек шаарында – 246;
Ош шаарында – 14;
Чүй облусунда – 91;
Ош облусунда – 5;
Талас облусунда – 0;
Нарын облусунда – 2;
Ысык-Көл облусунда – 15;
Жалал-Абад облусунда – 5;
Баткен облусунда – 2.

Ошондой эле инфекция 11 медицина кызматкеринен табылган.

Ал эми COVID-19 жана пневмониядан бир суткада 164 бейтап сакайды. Илдеттен Бишкекте 4, Чүй облусунда 1 киши каза болду.

Белгилей кетсек, пандемия башталгандан бери COVID-19 93 миң 006 адамдан аныкталды. Анын ичинен 87 миң 554 бейтап айыгып, 1 миң 566 киши каза болду.

 

Рубрики: COVID-19 , ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>