22-май: Коронавирус 308 адамдан аныкталып, 8 бейтап каза болду

22-май: Коронавирус 308 адамдан аныкталып, 8 бейтап каза болду

Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 инфекциясынын жаңы 308 учуру катталды. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдан билдирди.

Маалыматка ылайык, соңку суткада 4918 кишиден ПЧР тест алынган.

Илдет аныктылгандар:

Бишкек шаарында – 164;
Ош шаарында – 12;
Чүй облусунда – 76;
Ош облусунда – 11;
Талас облусунда – 5;
Нарын облусунда – 4;
Ысык-Көл облусунда – 19;
Жалал-Абад облусунда – 13;
Баткен облусунда – 4.

Ошондой эле инфекция 6 медицина кызматкеринен табылган.

Ал эми COVID-19 жана пневмониядан бир суткада 332 бейтап сакайды. Илдеттен Бишкекте 6, Нарын облусунда 1, Ысык-Көл облусунда 1 киши каза болду.

Белгилей кетсек, пандемия башталгандан бери COVID-19 102 миң 186 адамдан аныкталды. Анын ичинен 95 миң 446 бейтап айыгып, 1 миң 743 киши каза болду.

Рубрики: COVID-19 , ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>