24-май: Коронавирус 191 адамдан аныкталып, 6 бейтап каза болду

24-май: Коронавирус 191 адамдан аныкталып, 6 бейтап каза болду

Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 инфекциясынын жаңы 191 учуру катталды. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдан билдирди.

Маалыматка ылайык, соңку суткада 3378 кишиден ПЧР тест алынган.

Илдет аныктылгандар:

Бишкек шаарында – 121;
Ош шаарында – 11;
Чүй облусунда – 28;
Ош облусунда – 2;
Талас облусунда – 6;
Нарын облусунда – 8;
Ысык-Көл облусунда – 11;
Жалал-Абад облусунда – 4;
Баткен облусунда – 0.

Ошондой эле инфекция 3 медицина кызматкеринен табылган.

Ал эми COVID-19 жана пневмониядан бир суткада 308 бейтап сакайды. Илдеттен Бишкекте 4, Чүй облусунда 1, Талас облусунда 1 киши каза болду.

Белгилей кетсек, пандемия башталгандан бери COVID-19 102 миң 702 адамдан аныкталды. Анын ичинен 96 миң 119 бейтап айыгып, 1 миң 757 киши каза болду.

 

Рубрики: COVID-19 , ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>