25-сентябрда өлкө аймагында күн ачык болот

25-сентябрда өлкө аймагында күн ачык болот

Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, эртең 25-сентябрда өлкөнүн тоолу райондорунда  жамгыр жаашы мүмкүн. Калган аймактарда күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Ысык-Көл облусунун айрым аймагында 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 8…13, күндүз 22…27°;

Таласта түнкүсүн 5…10, күндүз 20…25°;

Ош, Баткен жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 11…16, күндүз 26…31°;

Ысык-Көл облусунун аймагында түнкүсүн 6…11, күндүз 21…26°;

Нарын облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 23…28°;

Бишкек шаарында 25-сентябрда  жаан жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 10…12°, күндүз 24…26° болот.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>