25 жаштагы Алина Абдумомунова жоголуп кетти

25 жаштагы Алина Абдумомунова жоголуп кетти

Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Шайдан айыл аймагынын Алма айылынын тургуну 1996-жылы туулган Абдумомунова Алина Эмилбековна 2022-жылдын 6-январь күнү саат 8:30 чамасында жашаган үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болууда. Бул туурасында Жалал-Абад облустук милициядан кабарлашты.

Маалыматка караганда, учурда Алина Абдумомунова жүргөн жерин аныктоого мүмкүнчүлүк болбой жаткандыгына байланыштуу туугандары жана милиция аны табууга коомчулуктан жардам сурайт.

Белгилери: Бою 165-170 см, ак жүздүү, кашы, көзү, чачы кара, оронуп алган болушу мүмкүн.

Кийген кийимдери: Көк түстөгү баш кийим жана шарф, сары түстөгү куртка, кара түстөгү шым.

Дайынсыз болуп жаткан Абдумомунова Алина Эмилбековна тууралуу кандайдыр бир маалымат болсо биздин дарекке кабарлап коюуңуздарды суранабыз.

Алдын ала көрсөткөн жардамыңыздар үчүн ыраазычылык билдиребиз.

Тел.: 102, (03734) 5 05 44,   0555 00 31 00,   0771 46 04 61.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>