26-июль: Бир күндө коронавирустан 28 адам каза болду

26-июль: Бир күндө коронавирустан 28 адам каза болду

Кыргызстанда соңку суткада коронавирустан 28 адам көз жумду. Бул тууралуу бүгүн, 26-июлда республикалык ыкчам штабдан билдирди.

Каза болгондор төмөнкү аймактарда:

Бишкек шаарында — 8 бейтап;

Чүй облусунда — 4;

Ош шаарында — 2;

Ош облусунда — 2;

Ысык-Көл облусунда — 4;

Баткен облусунда — 2;

Жалал-Абад облусунда — 5;

Нарын облусунда — 1.

Муну менен Кыргызстанда вирустан каза болгондордун жалпы саны 1277 адамга жетти.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>