Site icon Reporter.kg

26-июнь: Кыргызстанда дагы 250 адамдан коронавирус аныкталып, 50 бейтап айыкты

Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде дагы 250 адамдын анализинен коронавирус аныкталды. Бул тууралуу 26-июнда саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев брифингде билдирди.

Илдетти жуктуруп алгандар төмөнкү аймактардан: Бишкек ш. – 105;
Чүй облусу — 61;
Ош ш. — 47;
Ош облусу — 19;
Нарын облусу — 1;
Жалал-Абад облусу — 12;
Ысык-Көл облусу — 2;
Талас облусу — 1;
Баткен облусу — 2.

26-июнга карата өлкөдө жалпы 4 миң 204 адам коронавирус жуктуруп алган.

Бир сутка ичинде ооруканадан чыгарылгандардын саны  – 50 бейтап. Жалпысынан бүгүнкү күнгө чейин 2 миң 162 бейтап айыкты.

Exit mobile version