26-май: Коронавирустун жаңы 207 учуру катталып, 8 бейтап каза болду

26-май: Коронавирустун жаңы 207 учуру катталып, 8 бейтап каза болду

Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 инфекциясынын жаңы 207 учуру катталды. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдан билдирди.

Маалыматка ылайык, соңку суткада 5371 кишиден ПЧР тест алынган.

Илдет аныктылгандар:

Бишкек шаарында – 102;
Ош шаарында –8;
Чүй облусунда – 40;
Ош облусунда – 8;
Талас облусунда – 3;
Нарын облусунда – 8;
Ысык-Көл облусунда – 24;
Жалал-Абад облусунда – 11;
Баткен облусунда – 3.

Ошондой эле инфекция 7 медицина кызматкеринен табылган.

Ал эми COVID-19 жана пневмониядан бир суткада 332 бейтап сакайды. Илдеттен Бишкекте 4, Чүй облусунда 3, Талас облусунда 1 киши каза болду.

Белгилей кетсек, пандемия башталгандан бери COVID-19 103 миң 207 адамдан аныкталды. Анын ичинен 96 миң 755 бейтап айыгып, 1 миң 765 киши каза болду.

 

Рубрики: COVID-19 , ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>