3-август: Кыргызстанда дагы 410 адамга коронавирус жугуп, 653 адам айыкты

3-август: Кыргызстанда дагы 410 адамга коронавирус жугуп, 653 адам айыкты

Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде дагы 410 адамдын анализинен коронавирус аныкталды. Бул тууралуу 3-августа Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифингде билдирди.

Соңку суткада коронавирус жуктуруп алгандар жашаган аймактар эң көбү Бишкектен 94 адам, экинчи Ош облусу 79, Ысык-Көл облусу – 66, Ош – 47, Жалал-Абад облусу – 37,  Баткен облусу — 34, Чүй облусу – 33, Нарын облусу – 12, эң азы Талас облусу – 8.

18-марттан 3-августка чейин өлкөдө жалпы 37 миң 129 адам коронавирус жуктуруп алган.

Ал эми бир сутка ичинде илдеттен 653 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды. Бүгүнкү күнгө чейин өлкө аймагында жалпы айыккан жарандардын саны 27 миң 927.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>