35 жаштагы жаран 145 таңгак “гашиш” менен кармалды — сүрөт

35 жаштагы жаран 145 таңгак “гашиш” менен кармалды — сүрөт

35 жаштагы жарандын унаасынан жана үйүнөн 145 таңгак “гашиш” табылды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Токтогул районунун аймагында 30-35 жаштагы азият түспөлүндөгү жаран өсүүчү баңгизаттарды жасап, сактап жана сатуу менен алектенип жүрөт деген ыкчам маалымат келип түшкөн.

“Үстүбүздөгү жылдын февраль айында Бишкек-Ош жолунда 1986-жылы туулган А.Р. аттуу жарандын башкаруусундагы «Ford Focus» үлгүсүндөгү автоунаа токтотулган. Ага кароо жүргүзүү учурунда салондун ичинен 40 даана таңгакталган кара жашыл түстөгү өзгөчө кендир жытына ээ болгон зат табылып алынган”, — деп айтылат маалыматта.

Шектүүнүн жашаган үйүнө кечиктирилбес тинтүү иш-чаралары жүргүзүлгөн. Анын натыйжасында төмөндөгүдөй дагы 105 даана таңгакталган зат табылып алынган.

Соттук-химиялык изилдөөнүн корутундусуна ылайык табылып алынган зат жалпы салмагы 1 килограмм 182 граммды түзгөн «гашиш» баңгизаты деп аныкталган.

Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, унаа айып төлөнүүчү жайга токтотулган. Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка жактарды аныктоо боюнча атайын ыкчам-тергөө иш-чаралары уланып жатканы айтылат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>