4- июль: Кыргызстанда өпкө оорусунан бир күндө 31 адам өлдү

4- июль: Кыргызстанда өпкө оорусунан бир күндө 31 адам өлдү

Бир сутка ичинде пневмониядан 31 адам каза болду. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, соңку суткада пневмониядан 31 адам каза болду. Оор абалда 496 адам жатса, алардын 153ү реанимацияда.

Жалпы каза болгондордун саны – 151 адамга жетти.

Ооруканадан сырткары пневмония жуктуруп алган (COVID-19 тастыкталбаган) стационардагы бейтаптардын саны жалпы 2122.

Бардыгы – 3009 өпкө оорусуна кабылган алардын ичинен айыккандар – 736 адам.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>