54 жаштагы ата 13 жаштагы кызын зордуктап жүргөн

54 жаштагы ата 13 жаштагы кызын зордуктап жүргөн

Нарын облусунун Жумгал районунун тургуну 1967-жылы туулган С.Т. узак мезгилден бери өзүнүн кызы 2008-жылы туулган Т.Рны мажбурлап жыныстык катнашта болуп жүргөн. Бул туурасында Нарын облустук милиция маалымат таратты.

Ага караганда, аталган факт 21.09.2021-жылы Жумгал РИИБнүн электрондук каттоосуна алынып, текшерүүнүн жүрүшүндө С.Т 2010-жылы 1967-жылы туулган өзүнүн аялы Ш.Эни өлтүргөндүгү боюнча сот жообуна тартылып, 2018-жылы жазасын өтөп чыккан.

Сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында шектүү С.Т.суракка алынып, көрсөтмөгө ылайык, ал кызы менен 2021-жылдын июль айында 1 жолу жыныстык катнашта болгондугун, буга чейин сексуалдык мүнөздөгү ыплас аракеттерин жасагандыгын көрсөткөн.

Ал эми, өспүрүм Т.Р. айтуусу боюнча 2 жылдан бери жыныстык катнашта болуп келгендигин билдирген.

Азыркы учурда шектүү Жумгал райондук сотунун токтому менен эки айга, тактап айтканда 21.11.2021-жылга чейин камакка алуу бөгөт коюу чарасы тандалган.

Бүгүнкү күндө тергөө иштери уланууда.

 

Тэги: Зордуктоо

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>