6-сентябрга карата аба-ырайы тууралуу маалымат

6-сентябрга карата аба-ырайы тууралуу маалымат

Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча 6-сентябрда Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жамгыр жаап, күн күркүрөйт.

Тоолуу райондордо кар жаашыкүтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши мүмкүн.. 

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 9…14, күндүз 18…23;

Таласта түнкүсүн 4…9, күндүз 15…20;

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн 12…17, күндүз 20…25;

Ысык-Көлдө түнкүсүн 10…15, күндүз 16…21;

Нарында түнкүсүн 6…11, күндүз 17…22 градуска чейин ысыйт

 Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаайт, Абанын температурасы түнкүсүн 11…13°, күндүз 21…23° жылуу болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 14 метрге жетет

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>