65 жаштагы Гани Абдурахимов 7-августтан бери изделүүдө. Ал эс тутумун жоготуу оорусу менен жабыркайт

65 жаштагы Гани Абдурахимов 7-августтан бери изделүүдө. Ал эс тутумун жоготуу оорусу менен жабыркайт

65 жаштагы Гани Абдурахимов 7-августтан бери изделүүдө. Ал Ахунбаев көчөсүндө жайгашкан Улуттук онкология борборунун аймагынан саат 09:00дөр чамасында чыгып кеткен бойдон дайынсыз. Бул тууралуу Бишкек ШИИББнан билдирди.

Издөө салынган жарандын белгилери: бою -160-170 сантиметр, арык чырай, чачын ак баскан, кыска кыркылган. Ошол учурда футболка, шым, көк түстөгү кепка, бутуна кара түстөгү спорттук бут кийим кийип жүргөн.

Маалыматка ылайык, Гани Абдурахимов эс тутумун жоготуу илдетинен жабыркайт. Ага тиешелүү болгон маалыматтарды билгендер же аны көргөндөр болсо 0(0312) 54-41-84, 0(709) 99-79-11 жана 102 номурларына кабарлап коюну милиция өтүнөт.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>